<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Жумагүл Газыбаева, Ырыс Чо</author>
<title>Каалоо</title>
<lyrics>[V1]
 Жакшы ойлор келсин оюма,
 Жаман ойлор, турба жолума!
 Үшкүрүнбөй, беттеп максатты,
 Үмүтүмдү кармайм колума!

[V2]
 Жагымсыздык, кеткен каталар,
 Эстегенден кетпейт оңолуп.
 Кечиримдер жүрөк толтурсун,
 Кекчилдиктер кетсин жоголуп.

[C1]
   Азгырык ой, акыл черткилеп,
   Ашырсам дейт санаа-зарымды.
   Бирок, менде күчтүү Башат бар,
   Андан алам керек баарымды.
   Ал өчүрбөйт үмүт шамымды,
   Ал куткарган менин жанымды!

[V3]
 Каар-заар кээде сүр кылып,
 Коёюн дейт, күнүм түн кылып.
 Кемсинүүлөр алыс кеткиле,
 Кудай коёт баарын гүл кылып.

[V4]
 Күнүмдүктү ойлоп жашаган,
 Байкуштук бул - кандай аяныч.
 Текеберлер не деп айтса да,
 Теңирим бар - күчтүү Таяныч.</lyrics>
</song>